Т О К Т О М
___________________ №_______ Ново-Вознесеновка а.
“Айыл өкмөттүн жарандарына турак-жай куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө” 13-январь 2001-жылдагы Ак-Булуң айыл өкмөтү чыгарган №8 чечимдин көчүрмөсүнө толуктоо киргизүү жөнүндө
Ак-Булак айылынын тургуну Мамытов Азамат Замирбековичтин (паспорт сериясы ID2250071 ИНН 23006198000270) наамындагы, Ак-Булуң айыл өкмөтү чыгарган 13-январь 2001-жылдагы “Айыл өкмөттүн жарандарына турак-жай куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө” №8 чечимдин көчүрмөсүндө Замирбекович деп атасынын аты жазылбай калгандыктан, чечимдин көчүрмөсүнө толуктоо киргизип берүү жөнүндөгү жазган арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасыны Жер Кодексинин 24-беренесинин 1-пунктун колдонуп, Хан-Теңири айыл өкмөтү токтом кылат :
1. Ак-Булак айылынын тургуну Мамытов Азамат Замирбековичтин наамындагы, Ак-Булуң айыл өкмөтү чыгарган 13-январь 2001-жылдагы “Айыл өкмөттүн жарандарына турак-жай куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө” №8 чечимдин көчүрмөсүндө Замирбекович деп атасынын аты паспортунун негизинде, Мамытов Азамат Замирбекович деп окулсун.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Каракол-Ак-Суу филиалынан токтомду каттоодон өткөрүүсү Мамытов Азамат Замирбековичке милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, жер маселелери боюнча башкы адис А. Даабаевге жүктөлсүн.
Башчы С. Бараканов
Жиберилди: иш кагазга-1, А. Мамытовго-3
Макулдашылды:
Жер адис А. Даабаев

