Хан-Тенири айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 1-чакырылышынын кезектеги 14- сессиясы Т О К Т О М 22.01.2026 №2

Хан-Тенири айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 1-чакырылышынын  кезектеги   14- сессиясы

Т О К Т О М       

_22.01.2026_                          №___2______                        Ново-Вознесеновка айылы

 

2026–жылга карата Хан-Теңири айыл ɵкмɵтүнүн жергиликтүү бюджетин бекитүү жɵнүндɵ 

        2026–жылга карата Хан-Теңири айыл ɵкмɵтүнүн бюджетин бекитүү жɵнүндɵгү  Хан-Теңири айылдык кенешинин бюджет, финансы жана экономика, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы К.  Субанованын    билдирүүсүн угуп жана талкуулап Хан-Теңири айылдык Кенеши токтом кылат:

1.Хан-Тенири айыл аймагынын 2026-жылга карата кирешелер жана чыгымдар боюнча бюджети  жалпы 74700,8  миң  сом  ɵлчɵмүндɵ № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

  1. Жергиликтүү бюджеттен 2026-жылы каржылануучу чыгымдардын жалпы кɵлɵмү  50576,0 миң сом жана тендештирүүчү грант 24124,8 миң сом ɵлчɵмүндɵ №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу эмгек акы фондусунун чектелген кɵлɵмдɵрү, социалдык төлөмдөр жана жалпы чыгаша бөлүгү № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.

4.2026-жылга айыл ɵкмɵтүнүн чыгымдары тɵмɵндɵгүдɵй бекитилсин:

Айыл ɵкмɵтүнүн бюджетинде каралган  киреше жана чыгашаларды мыйзамдуу түрдɵ толук аткаруу үчүн багытталган иш чараларды ишке ашыруу милдеттендирилсин.

  1. 2026-жылы бюджетке түшкɵн кирешелердин кɵлɵмүндɵ, биринчи кезекте эмгек акы тɵлɵɵгɵ, социалдык фонд тɵлɵмдɵрүн чегерүүгɵ, иш сапарларына, көмүр алууга, интернет пайдалануу акысына жумшалсын.
  2. Токтомду аткарууга алуу айыл ɵкмɵтүнүн башчысы С.Баракановго жана аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы К.Субановага жүктɵлсүн.

 

 

Тɵрага                                                                                     Т.Ж.Узаков

Жооп калтыруу